БАШ-АЯГЫН ЖЫЮУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жыйынып-теринип иреттелип алуу, тартипке келүү, жыйынчактуу абалга келүү. Туш келди батырабай баш-аягы жыйнап, ичте да, сыртта да тартип бир кыйла бекемделип калган («Ала-Тоо»). 2. Эсине келүү, өзүнө келүү, мурдагы калыбына келүү. Баягыдай эмес, бир аз баш-аягын жыйып кайраттанып калыптыр. Болуш жылкынын артынан куугунчу жөнөтө албай бөгөлүп жатканда кара тамандар баш-аягын жыйып алышты («Ала-Тоо»).